Жаңылыктар

    ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНДАГЫ АЛДЫНКЫЛАР.

    ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНДАГЫ АЛДЫНКЫЛАР.

    2022-жыл жыйынтыгында Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы С.Каламов балдарга билим жана тарбия берүүдөгү мыкты аракеттери үчүн предметтик олимпиадада окуучулары алдынкы орунду ээлеген мугалимдерди, "Санарип мугалим" сынагынын женүүчүлөрүн, "Манас таануу" интелектуалдык сынагынын женүүчүлөрүн жана  Бирлик айыл аймагынын айылдарынын ички инфра түзүмүн өнүктүрүүдөгү мыкты аракеттери үчүн айылдын жеке ишкерлерин, демилгелүү инсандарды , Элдик Курултайды өткөрүүдөгү уюштуруу тобунун активдүү мүчөлөрүн ,Баткен окуясында Баткен,Лейлек райондорунан келген жарандарды эвакуациялоо , кароо ишиндеги активдүү жарандарды жана айылдык Кенештин ишмердүүлүгүндөгү мыкты  депутаттарды Бирлик  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин "Ардак Грамотасы" менен сыйлады.