Бирлик айыл аймагы жөнүндө
Бирлик айыл аймагы - Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун батыш тарабынан орун алып, деңиз денгээлинен 1600-2040 метр бийиктикте жайгашкан.Түштүк-батыш тарабынан Өзбекстандын Сох району менен чектешип, чек аранын узундугу 45 км түзөт. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарынан 980 км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 55 км,Кадамжай районунун борбору- Кадамжай шаарынан 45 км алыстыкта жайгашкан.
Бирлик айыл аймагынын жалпы аянты - 19 180 гектарды түзөт.
Жалпы 13 айыл бар: Ормош айылы, Сур айылы, Сырт айылы, Моло айылы, Чечме айылы,Бел айылы, Жаны- Коргон айылы, Жал айылы, Эшме айылы, Кичи-Айдаркен айылы,Тескей айылы,Жаны- Сырт айылы, Ынтымак айылы. Аталган айылдар ичинен Жаны-Коргон, Жал жана Тескей айылдары "бийик тоолуу айыл" категориясына, Чечме, Ынтымак, Сырт айылдары "чек арадагы айыл " категориясына кирет.
Жалпы калкынын саны - 14 249 адамды түзүп, кожолуктун саны- 2 692 түтүн үй бар.
Улуттук курамы- 100 пайыз кыргызды түзөт.
Айыл аймакта билим берүү тармагындагы " Келечек" балдар бакчасы, 6 орто мектеп: А.Шамурзаев атындагы, О.Тешебаев атындагы "Сырт", Б.Алыкулов атындагы, А.Солтонов атындагы, "1-Май", "Эшме" орто мектептери жана "Моло" толук эмес орто мектеби бар.
Калктын саламаттыкгын сактоо тармагында 3 фельшердик-акушердик пункттар (ФАП) ( Чечме,Сырт, Жаны-Коргон айылдарында), 1 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ) (Ормош айылында) бар.
Айыл чарба багытындагы жерлердин аянты- 3 805 га, айдоо жерлеринин аянты 2 496 га, жайыттар- 456 га, кысыр- аныз жерлер- 652 га, көп жылдык көчөттөр- 189 га, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери- 918 га жер аянттары бар. Аларды суугаруу үчүн эки чон канал Гауян жана Гороту каналдарын пайдаланышат. Жалпы айылдардын 70 пайызы таза суу менен камсыз болгон.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши 2016-жылдын 1- сентябрынан Баткен облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, бүгүнкү күндө 7 чакырылыштын депутаттары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жалпы депутаттардын саны- 21 депутат.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы- Каламов Садыкбек Узакбаевич.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары- Гафуров Надырбек Базарбаевич.