Жаңылыктар

    Кадамжайда жерге берилген Марат менен Мыктыбек. Акыркы сапарга узатылып жаткан Наркозу

    Кадамжайда жерге берилген Марат менен Мыктыбек. Акыркы сапарга узатылып жаткан Наркозу

    Бүгүн, 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон Марат Ташмурзаев Кадамжай районунун Марказ айылында жерге берилди.

    Марат Ташмурзаев 2002-жылы жарыкка келип, Айдаркен шаарында чоңойгон. "Бөрү" отрядында кызмат өтөп жаткан .

    Мындан тышкары, бүгүн, 19-сентябрда Мыктыбек Мурзажанов да кичи мекенинде жерге берилди. Ал 1999-жылы Айдаркен шаарында жарыкка келген. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү болгон.

    Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын ага сержанты болгон.

    ИИМдин басма сөз кызматы 19-сентябрда билдиргендей, Мыктыбек 2019-жылдан бери Баткен облусунда кызмат өтөп келген.