Жаңылыктар
ЭМГЕГИ УЛУК ДАРЫГЕР - "БИРЛИК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АРДАКТУУ АТУУЛУ"

Бирлик айыл аймагынын айыл Кеңешинин 7- чакырылышынынын 2022-жылдын 15-сентярындагы № 46 токтому менен Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын тургуну, Айдаркен Жалпы Дарыгерлер Практикалоо Борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы,врач, анестозолог-реаниматолог Бегматов Арапбай Рахматиллаевичке "Бирлик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып, 2022-жылдын жыйынтыгында Бирлик айыл аймагынын жалпы жашоочуларынын коштоосунда расмий аземде тапшырылды.Дарыгердин жалпы эмгек жолундагы кесиптик жетишкендиктери, Бирлик, Айдаркен элинин саламаттыгын сактоодогу аракеттери белгиленип бул ардактуу наамга сунушталган.