Жаңылыктар
Бүгүн Кадамжай районундагы мектептер окуучуларга эшигин ачат

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы мектептерде окуу процесси уланат. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаев билдирди.
"Дүйшөмбү күндөн баштап мектептерде окуу процесстери кадимкидей эле жүрөт. Ошондой эле бир катар бала бакчалар иш алып барат", - деди ал.