Жаңылыктар

    "БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АТА-ЭНЕНИН ОРДУ " СЫНАКТУУ СЕМИНАР.

    "БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АТА-ЭНЕНИН ОРДУ " СЫНАКТУУ СЕМИНАР.

    Бирлик айылдык Кеңешинин депутаты Гулмурзаева Гулхан Камытовнанын демилгеси  менен Кызыл-Кыя шаарындагы "Акыл кенч" китеп дүкөнүнүн жамааты П.Топчубаева, М.Тайболотова жана А.Марасуловдун уюштуруучулук жетекчилигинин астында Бирлик айыл аймагындагы айылдардагы ү ата-энелер үчүн К.Акматовдун " Балам мыкты болсун десениз" аттуу китеби боюнча китеп окуу сынагы жарыяланып, 2023-жылдын 28-декабрында  сынактын  жыйынтыгы чыгарылды.Сынактын  байге фондун Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаев  салымын кошуп,байге фондуна электр жылыткыч, тамак бышыруучу печ, суу кайнаткыч ж.б. күндөлүк керектелүүчү буюмдар женүүчүлөргө тапшырылды. 

    Жыйынтыгында : Бирлик айыл аймагынын айылдарынын тургундары :Тойчиева Максуда, Орунбаев Данияр,Абдували кызы Зарина, Иманбай кызы Бурулкан, Абдужалил кызы Канзада, Шарабидин кызы Уулкан,Жусупова Самаралар тесттин жыйынтыгында женүүчү деп тандалды жана баалуу белектер менен сыйланышты..

    Сынактан соң, сынактын катышуучулары менен биргеликте китепти окуп чыккандан кийинки ойлор, сынактын өтүшү боюнча  ой-пикирлер менен эркин баарлашуу болуп ата энелердин китеп окууга болгон кызыгуулары боюнча эркин ой бөлүшүштү.

    Сынак жыйынтыкталган сон, белгилүү педагог Гапыр Мадеминовдун "Энелер мектеби" долбоору боюнча "Бала тарбиялоодо ата-энелерди окутуунун таасирлери" деген аталыштагы семинарда Гапыр агайдын шакирттеринин бири Актилек Марасулов, бир канча китеп, чыгармалардын автору Топчубаева Пазилетхан жана  уюштуруучулар тарабынан  ата энелер үчүн оймоктуу ойлор, таасирдүү иш көндүмдөр жана алдынкы иш тажырыйбалар менен бөлүшүштү.

    Бирлик айыл аймагынын эли тарабынан бүгүнкү китеп дүйнөсүнөн алыстап бараткан кырдаалда бул иш чараныныв уюштуруучуларына терен ыраазычылык билдиребиз.